Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.03.2018 14:17

Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын корпустары эскирип, авариялык абалда турат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканананы корпустарынын көпчүлүгүнүн эскилиги жеткен. Авариялык абалдагы төрт имарат пайдалануудан чыккан. Мындай маалыматта Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Айнура Осмонова оорукананын абалынан кабар алуу үчүн келген сапарында билдирди.

Анын айтымында, корпустар эскирип, башка имарат салуу зарыл болууда.

Оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаевдин айтымында, оорукана 1932-жылдары салынган, ошентсе да жамап иштетип келишүүдө.

«Биздеги гемодиализ, терапия, неврология бөлүмүнүн корпустары 1932-жылдары курулган, эскилиги жеткен. Ошентсе да утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бейтаптар үчүн шарт түзүүдөбүз. Мурунку УЗИнин, лабораториянын, кир жуучу жайдын имараты ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылгандыктан, пайдаланылбай турат. Хирургия бөлүмү жайгашкан үч кабаттуу корпус 1972-жылы, балдар бөлүмү 1982-жылы, облустук төрөт үйү 1997-жылдары салынган. Андан бери ооруканада жаңы типтеги имараттар салына элек болчу. Өкмөттүн, министрликтин колдоосу менен былтыркы жылдан тарта курулуш кадамы жанданды. Медициналык жабдуулар жаңыланууда. Көп тармактуу оорукана салына турган болсо адегенде терапия менен неврология бөлүмдөрүн биринчи жайгаштырабыз», - деди мекеме башчысы.

Эл өкүлү оорукананын кызматкерлери менен да жолукту. Анда, ак халатчандар маянанын аздыгы, штаттык бирдиктердин кыскаруусу, ипотекага турак жай алууда төлөнүүчү сумманын көптүгү тууралуу көйгөйлөрдү айтышты.

А.Осмонова кызматкерлер көтөргөн маселелерди карап көрөөрүн айтып, негизинен оор шартта бейтаптарды кабыл алып жаткан ооруканага имарат салуу зарылдыгын белгиледи. Айтымында, быйылкы жылы облустук клиникалык ооруканага көп тармактуу заманбап, жаңы типтеги оорукана курулат, ал үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүндү.

«Союз мезгилинде шаар калкына ылайыкташып салынган имарат облус калкын тейлөөгө аргасыз болуп жатат. Көпчүлүк корпустардын эскилиги жеткенин кайра-кайра айтып жатып, жаңы имарат куруу маселеси колдоо тапты. Жакында облустук ооруканага тиешелүү 50 орунга ылайыкташтырылган жаңы имарат курууга 80 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери башталат. Бул курулушту көзөмөлдөө өкмөттүн социалдык жана өнүктүрүү бөлүмүнө милдеттендирилди. Бул боюнча өкмөт башчынын протоколун көрсөтүп коюуну туура көрдүм. Мен оорукананын имараттарын жакшы билем, көп корпустарынын эскилиги жеткен, ушундай оор шартта бейтаптар дарыланууда», - деди А.Осмонова.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жылына 29 миңден ашуун бейтап дарыланып чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×