Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абадда былтыр өрт чыккан ҮДТнын имараты кулап калуу коркунучунда (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты кулап калуу коркунучунда турат.

№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Анара Алымкулованын айтымында, имараттын шыптары көчүп, пайдубалы чөгүп, эки кабаттын ортосундагы жыгачтар ийилип, имарат кооптуу абалда турат. Былтыркы жылдын декабрь айында жумуш учурунда өрт чыгып, өз учурунда токтотуп калышкан, буга кабелдердин эскирип, чирип кеткени себеп болгон. Мындан улам Жалал-Абад шаардык коргонуу комиссиясы имаратты пайдалануу максатсыз деп тапкан. Өрт кырсыгынан улам жабыркагандар болгон эмес. Учурда имарат кооптуу абалда турат.

«Имарат анти-сейсмикалык талаптар сакталбастан курулган. Узак мезгил пайдалануунун жана климаттык шарттардын таасиринен улам имараттын пайдубалы чөгө баштады. Негизги дубалдарында жана дубалдардын бурчтарында жаракалар пайда болгон. Кабат аралык жыгач балкалары ийилип, шыбында майда жаракалар көбөйүүдө. Полдорунун тактайлары чирип калды. Экинчи кабаттагы айрым бөлмөлөрдө шыптары оюлуп түшүп калды. 2006-жылдары ажаткана тараптан эки кабаттын ортосу ажырап, биринчи кабат кадимкидей көрүнүп калган. Биз шаардык кеңештин депутаттарына кайрылып жүрүп, 60 миң сом бөлдүрүп, дубалы ажырап калган жерди калыбына келтиргенбиз. Экинчи кабатка чыгуучу тепкичтерибиз дубалдан ажырап, кооптуулук жаралып турат. Жарандар көп чыккан маалда тепкич кулап түшпөсө экен деп кооптонобуз. Мына ошол экинчи кабатка чыга бергенде неврапатолог дарыгерибиз олтурат, ага кайрылгандар көп, 15-20дай жаран дайым кезек күтүп турушат. Жаш балдарын ээрчитип келишет. Кокустан бизге кайрылгандар тепкичке көбүрөөк туруп алып, түшүп кетпесе экен деп кабатырланабыз, биз тепкичтерге көп тургузбаганы аракет кылабыз. Бирок, баарына көз салып турууга мүмкүн эмес», - дейт А.Алымкулова.

Жетекчинин айтымында, өкмөт башчы облуска жасаган иш сапарында ушул имараттын да абалын көрүп кайткан.

«Өкмөт башчы жаңы имарат салганы орун сураганда арткы тарапты көрсөткөнбүз. Биздин имарат быйылкы жылда каражат бөлүнүүчү титулдук тизмеге киргенин угуп сүйүнүп жатабыз. Заманбап имарат курулса бейтаптарга түзүлгөн эң сонун шарт болуп камак», - дейт ал.

Мында иштеген кызматкерлер имарат капиталдык оңдоого эмес башка жай салууга муктаж экенин, тепкичтин кооптуулугуна кабатырланып жатышкандыгын айтышууда.

ҮБДТнун имараты 1928-жылы курулган, муниципалдык менчик. Имараттын жер төлөсү жок, акыркы жолу 1999-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Мындагы жайда жалпысынан 38 дарыгер, 52 медайым, 5 кичи персенал жана эки жумушчу эмгектенет. Жалал-Абад шаарынын 17 миң калкын тейлейт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 731
Көп окулду
×