Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абадда ЖОЖдордун студенттери арасында республикалык универсиада өтүп жатат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте өлкөдөгү ЖОЖдордун арасында республикалык универсиада өткөрүлүп жатат.

Маалым болгондой, студенттер арасындагы мелдеш 13-марттан 17-мартка чейин болот. Мында спорттун беш түрү боюнча, волейбол, кичи футбол, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана бокс боюнча күч сынашат.

«Универсиада көп жылдардан бери студенттер арасында спорттун 15 түрү боюнча өткөрүп келет. Акыркы 5-6 жылдан бери жалаң Бишкек шаарында өткөрүлчү. Эми быйылкы жылы аймактарда өткөрүүнү туура көрдүк. Мамлекеттик дене тарбия жана жаштар агенттигинин колдоосу менен өткөрүп жатабыз. Негизинен спорттун алты түрү боюнча Жалал-Абад шаарында мелдеш жүрүп жатат, ал эми калган 10 түрү боюнча Бишкек шаарында өткөрүлөт. Эл аралык университетте өткөрүлүп жаткан универсиадага жалпы 19 команда катышат. Мындан жеңишке жетишкен командалар Россияда өткөрүлүүчү дүйнөлүк универсиадага жолдонмо алат», - дейт Жаштар иштери жана дене-тарбия агенттигине караштуу мектептер жана студенттер арасындагы спортту өнүктүрүү дирекциясынын директору Эркинбек Абдылдаев.

Мелдештин ачылыш аземи бүгүн, 14-мартта болуп, ага 19 команда катышты. Ага Бишкек шаарынан, Ош жана Баткен, Жалал-Абад шаарларынан студенттер келишкен. Алалардын ичинен Бишкек гуманитардык университетинин атынан катышып жаткан Нурия Абдыкадырова мелдешке катуу даярданганын айтат.

«Жалал-Абад шаарына бүгүн келдик, мында 19 команда бар экен. Ар кайсы облустан келген студенттер менен тааныштык. Универсиадага катышканыма быйыл 3 жыл болду. Биз спорттун волейбол түрү боюнча күч сынашмакчыбыз. Командада 9 оюнчу бар. Буйруса биринчи орунду багындырабыз деген оюбуз бар», - дейт студент Н.Абдыкадырова.

Өткөн 2017-жылы дүйнөлүк универсиада Тайбэй шаарында өткөрүлүп, ага Кыргызстандын атынан студенттер спорттун 4 түрү боюнча катышып, ийгиликтерди багынткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 825
Көп окулду
×