Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Ош

Ошто мектепке бара жаткан 14 жаштагы кызды уурдап кеткен адам кармалды

Turmush -  Кечээ, 13-мартта эртең менен мектепке бара жаткан 14 жаштагы кызды уурдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кызды белгисиз адам унаага салып уурдап кеткен. Анын жакындары Ош облустук милициясына арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин натыйжасында ал шаардагы үйлөрдүн биринен табылды. Азыр кыздын зордукталгандыгы же зордукталбагандыгы боюнча атайын экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызды өз үйүнө уурдап барган 27 жаштагы тургун кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иш козголду.

«Кыздын зордукталгандыгы анык же анык эместиги териштирилүүдө. Адам уурдоо боюнча кылмыш иш козголду», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кыз шаардагы мектептердин биринде 9-класста окуйт. Үйдөн кыздын кыйкырып жатканын уккан кошуналары үйгө кирип, милицияга кайрылышкан.

Ал эми кошуналарынын айтымында, кармалган шектүү буга чейин 3 жолу турмуш куруп ажырашкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6390
Көп окулду
×