Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусуСокулук району 14.03.2018 11:48

Сокулуктун Жаӊы-Жер айылына 150 түп арча жана карагай отургузулду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаӊы-Жер айыл аймагына жалпы 150дөй көчөт отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, Жаӊы-Жер айыл аймагына 85 түп туя арча, 30 карагай, 35 түптөй Тянь-Шань арчасы менен көк карагай отургузулду.

«Айыл өкмөттүн бюджетинен 50 миӊ сом каралган. Бирок бул акча жетпейт болчу, ошол себептен жеке демөөрчүлөр да өз салымдарын кошушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×