Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Чүй

Военно-Антоновкадагы унаа базарынын аймагына жол белгилери коюлду (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынын аймагына тургундардын өтүнүчү менен жол белгилери коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Военно-Антоновка айыл өкмөтүнөн билдиришти.

«Бизге тургундар бир далай жолу кайрылышкан. Өзүӊөр билгендей, эс алуу күндөрү унаа базардын тегереги, Бишкек — Кара-Балта жолунун жээги, ошол тегеректе жашаган тургундардын үйүнүн тушуна сатуучулар унааларын коюп алышкан. Биз дагы бул маселе боюнча жол көзөмөлүн тескеген кызматкерлерге кайрылганбыз. Алар унаа токтотууга болбойт деген жол белгилерди орнотуп беришти. Бул белгилер Комсомол жана Фрунзе-Западная көчөлөрүнө коюлду.

Учурда жол четине жана аталган белги коюлган жерлерге токтотулган унаалар эвакуатор менен жүктөлүп, айып пул төлөөчү жайга жеткирилип жатат. Биз жол көзөмөлүн тескеген кызматкерлерге ыраазыбыз. Ушул ишти токтотпой дагы да бекемдеп беришсе жакшы болот эле», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 961
Көп окулду
×