Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.03.2018 08:24 Жаңыланды: 14.03.2018 11:38

Бишкек—Ош жолунун 246-чакырымында 2,5 млн куб кар көчкү түшүп, жол эки тарабынан жабылды (толукталды, видео, фото)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында кечээ, 13-мартта саат 22:40 чамасында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түштү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол эки тарабынан жабылды. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, Токтогул районунда, Сосновка жана Өтмөк жактан постторду коюу иштери уюштурулууда. Жайыл районундагы Сосновка жана Токтогул районунун Арал постторунда жылытуучу пункт жана тамак-аш пункту уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө. Тазалоо үчүн техникалар тартылууда, министр генерал-майор К.Бороновдун буйругунун негизинде ӨКМдин Куткаруучуларлы даярдоочу мамлекеттик борборунан 20 куткаруучу жана министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков көчкү түшкөн жерге жумушту уюштурууга чыгып кетти.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Бишкек—Ош унаа жолу убактылуу жабык.

Кийинчерээк Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдиргендей, Бишкек—Ош каттамындагы оор жүк ташуучу автоунааларга чектөөлөр киргизилип, «Чычкан» атайын стационардык посту толугу менен жабылды.

«Бишкек—Ош жолунда үч күнгө чейин Бишкек шаарына каттам болбойт, адистер түшкөн кар көчкү 2-3 күндө тазаланып бүтөөрүн айтышууда», - деди А.Сатыбалдиев.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Бишкек—Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат.

«Кар көчкү толугу менен тазаланмайынча Бишкек—Ош унаа жолу ачылбайт, андыктан жүргүнчүлөргө Бишкек—Ош унаа жолу менен кар көчкү толугу менен тазаланмайынча алыскы сапарга чыкпоону сунуштайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Саат 06:00гө карата, «Сосновка» (Жайыл району) постунда 5 жеңил унаа жана 50 оор жүк ташуучу унаалары кезекте турат, унаалардын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө ысык тамак жана чай берүүчү пункту уюштурулуп, тез жардам кызматынан бир автоунаа нөөмөттө турат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун «Арал» постунда 35 жеңил унаа жана 60 оор жүк ташуучу унаалары турат, жеринде 2 даана чатыр тигилип, темир титандар орнотулуп, жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулду. Ал эми Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунда токтоп турган унаалар жок.

Маалым болгондой, кар көчкүнү тазалоо үчүн ӨКМдин 40 куткаруучусу, №23 ЖТИден 2 жүктөгүч, №30 ЖТИден 1 жүктөгүч, №9 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 4 кызматкер тартылган. Тартылган техниканын жардамында Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымы тазаланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×