Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.03.2018 17:45 Жаңыланды: 13.03.2018 17:57

Жалал-абаддык имам Р.Мамытов мектепке караганда мечиттин санын эки эсе көбөйтүү керек деп эсептейт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 2000-жылдан бери мечит жана намазканалардын саны эки эсе көбөйгөн. Башкача айтканда, 2000-жылы шаардагы мечиттердин саны 19ду түзсө, 2018-жылы 32ге жеткен. Ал эми мектептердин саны 22 болсо, бүгүнкү күнү 26га жеткен. Мындай маалымат бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад шаарынын мэриясында дин кызматкерлери менен болгон отурумда маалым болду.

Аталган жыйынга шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышов, аймактык башкаруу уюмдарынын башчылары, дин кызматкерлери, Экотехинспекция жана УКМКнын өкүлдөрү катышты.

Жалал-Абад шаарындагы Айти мечитинин имамы Равшан Мамытов шаардагы мектеп жана бала бакчаларга караганда мечиттердин санын эки эсе көбөйтүү керектигин белгилейт.

«Учурда мектептерди куруу зарыл, ал эми мечиттерди куруу өтө зарыл. Азыркы учурда жаш балдарды жана чоң адамдарды дагы тарбиялоо керек, ал үчүн ыйман керек. Азыр Спутник кичи шаарчасында 3 мечит жана 2 мектеп бар деп айтып кетти. Мисалы бир мектепке 5 миң же 6 миң бала батат. Ал эми бир мечитке 200 же 300 адам батат. Жума күндөрү жума намаздарда көрүп жүрөбүз, адамдар мечитке батпай, көчөлөргө чейин чыгып кеткен учурлар кездешет. Ошондуктан кайсынысы зарыл болсо, ошонусун куруу керек», - дейт имам Р.Мамытов.

Ал эми шаарда 2017-жылы демөөрчүлөр тарабынан 5 мечит курулган. Алардын ичинен экөөнүн документтери бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет.

«Бүгүнкү жыйыныбыздын негизги максаты диний объектилерди куруу, ачуу, диний уюмдарды жана окуу жайларды каттоодон өткөрүү маселелерин талуулоо болуп эсептелет. Мында дин жаатындагы маселелер козголгондуктан дин кызматкерлерин көбүрөөк камтыганга аракет кылдык. Жыйында негизинен шаарда мыйзамсыз курулуп жаткан диний объектилер жөнүндө сөз жүрдү. Мисалы 2017-жылы шаар аймагында демөөрчүлөр тарабынан 5 мечит курулуп берилген, бирок анын экөөсүнүн документтери бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет.

Жыйындын жүрүшүндө дин кызматкерлери менен мектептерге караганда мечиттердин санын көбөйтүү керек деген маселе боюнча талкуу жаралды», - деди Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышов.

Жалал-Абад шаарында 26 мектеп, 28 бала бакча жана 28 мечит бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×