Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баракелде, Бишкек 13.03.2018 16:44 На русском

Бишкекте РИИБдин 24 жаштагы тергөөчүсү пара алып жатканда кармалды

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта ИИМдин Ички иликтөө кызматы Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерин пара алып жаткан учурда кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызматка Р.Б. аттуу жаран Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсүнө карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Жабырлануучу Ислам аттуу тергөөчү ал шектүү катары саналды делген кылмыш ишти жабуу үчүн 20 миң сом талап кылганын билдирген.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин оперативдүү тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБдин имаратынын бет маңдайында 1994-жылы туулган тергөөчү Э.И. кармалган. Анын кызматтык кийиминин чөнтөгүнөн 8 миң сом табылып алынды. Кармалган кызматкер Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгына жеткирилип, кызматтык териштирүү башталды.

Башкы прокуратура аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 313-берененин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козгоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×