Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Баткен токой чарбасында адистер жетишсиз

Turmush -  Баткен токой чарбасында адистер жетишсиз. Бул тууралуу токой чарбанын жетекчиси Абдыкалык Кимсанов билдирди.

Анын айтымында, акыркы 10 жылдан бери атайын адистиги бар жаш кадрлар жумушка келе элек.

«Биздин токой чарбада 160 миң гектар аянт болсо, ошону карап, бүлүндүргүчтөрдөн сактап, арча-кайың отургузуучу 20 кызматкер бар. Алардын ар бирине орто эсеп менен 8 миң гектар аянт туура келет. Анын дагы төрттөн бири пенсия курагындагылар. Бизге жаш кадрлардын келбей жатканынын себеби — бул айлык маянанын аздыгы, атайын унаалардын бөлүнбөгөндүгү. Керектүү каражаттар дагы мамлекеттен жетиштүү бөлүнбөйт. Эгерде ушул токой чарбага кызыккан жаштар болсо, өзүбүздүн токой чарбанын эсебинен окутабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 901
Көп окулду
×