Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 13.03.2018 15:44

Өзгөрүштөгү бала бакчага айыл өкмөт, ФАП кирип алгандыктан балдарга бөлмөлөр жетишпей жатат

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы «Ыйман» бала бакчасынын имаратына ФАП менен айыл өкмөтү кирип иштеп жаткандыктан балдарга бөлмөлөр жетишпей жатат. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Ж.Канаева билдирди.

Анын айтымында, имарат 1980-жылы курулуп, бала бакчага берилген. 1994-жылы убактылуу жабылып, элге үлүшкө берилип кеткен. Кароосуз калган учурда 1998-жылы бир имараты ачылып, ата-энелердин жардамы менен калыбына келип иштей баштаган. Ал убакта айыл өкмөтү эч кандай жардам берген эмес. Ата-энелер менен бала бакчанын ошол убактагы жетекчиси М.Эралива толугу менен мойнуна алып, баарын тегиз оңдоп, заманбап бала бакчага айлантышкан. Бүгүнкү күндө бала бакчанын бир имаратында айыл өкмөтү жана ФАП иштеп, чоң тайпадагы балдарга бөлмө жетишпей, музыкалык залда уктап жатышат.

2012-жылы АРИСтен грант утуп алып, бакчанын тегереги курчалган. Андан тышкары бала бакчага стимгрант жазып, 3 млн сом утушкан. Ошол акчага бала бакчанын чатыры жабылып, айнектери алмаштырылып, жылытуу системалары кайрадан жаңыртылган болчу. 2016-жылы ноябрь айында оңдоо иштери толугу менен бүттү. Ата-энелердин күчү менен 150 миң сомго керектүү эмеректер алынган.

Учурда «Ыйман» бала бакчасында 115 бала тарбияланып, 5 тарбиячы эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×