Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.03.2018 14:41

Бишкек—Ош жолунда кырсык көп катталгандыктан Кара-Көлдөгү оорукана реанимобиль унаасына муктаж

Turmush -  Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл шаарынын аймагына тиешелүү тилкесинде жол транспорт кырсыгы көп катталат. Ага байланыштуу шаардык оорукана заманбап реанимобиль унаасына муктаж. Бул тууралуу Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору Абдулбакы Ырысбеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкек—Ош жолунун шаарга караштуу тилкеси өтө кооптуу.

«Жол транспорт кырсыгына кабылган бейтаптарга шарты жок УАЗ үлгүсүндөгү тез жардам унаасы менен өз убагында жетип барып, кайра ыкчам ооруканага алып келүү көйгөйлүү. Мындай эски унаа менен жабырлануучуну ооруканага алып келүү жагымсыз абалды жаратат. Ал эми алардын алган жаракаттарын текшерүүдө бизге санарип рентген жана ич көңдөй органдарынын алган жаракаттарын аныктоодо лапароскопия аппараты керек. Аны өзүбүз сатып алууга шартыбыз жок, бюджетибиз жетишпейт», - дейт оорукананын башчысы.

Ошондой эле, ал 7-мартта дагы жол кырсык катталып, анын кесепетинен бир адам каза болгонун айтты.

«Ал кырсыктын кесепетинен 1971-жылы туулган Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде жашаган К.М. аттуу тургун каза болду. Анын диогнозу тууралуу так айтуу кыйын. Анткени жакындары аны соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүүдөн баш тартышты. Ал эми жанындагы 11 жаштагы кызы бир аз коркуп калган. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүштү, туугандары сөөктү алып кетишти», - деди А.Ырысбеков.

Ал белгилегендей, 2015-жылдан 2017-жылга чейин жол кырсыгынан жабыркаган бейтаптардын саны 330 кишини түзгөн.

«Жабыркаган бейтаптардын ичинен 9 адам каза болгон. Ал эми жол транспорт кырсыгынан 61 адам ооруканага кайрылган. Анын төртөөсү 14 жашка чейинки балдар. Булардын ичинен 44 адамдын баш мээси жабыркаган. 2016-жылы жол кырсыгынан жабыркаган 57 адам кайрылса, алардын тогузу 14 жашка чейинки балдар болгон. Алардын ичинен 41 адамдын баш мээси жабыркагандыгы аныкталган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×