Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Чүй

Башка адамдын паспорту менен өлкөдөн чыгууга аракет кылган кыргызстандык 2 жаран кармалды

Turmush -  Кечээ, 12-мартта «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда башка паспорт менен өлкөдөн чыгууга аракет кылган Кыргызстандын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көзөмөлдөн өтүү учурунда жаш жигит 1982-жылы туулган С.С.га тиешелүү паспортту (ID-card) көрсөткөн. Тыкыр текшерүүнүн жыйынтыгында кыргызстандык жаран инисинин паспортун колдонуп жүргөнү аныкталды.

Ушул эле өткөрүү пунктуна 1985-жылы туулган Б.И. (аял киши) келип, көзөмөл учурунда чек арачыларга 1981-жылы туулган Н.Н.га таандык жалпы жарандык паспортту көрсөткөн. Кармалган жарандын айтымында, өзүнүн паспортунун мөөнөтү бүтүп калган. Ошондуктан ал Кыргызстандан чыгуу үчүн башка паспорт колдонгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 860
Көп окулду
×