Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Эгиздер: Бакай-аталык Адина менен Медина Таласта кафе ачып иштетип жатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылындагы 24 жаштагы эгиздер Күрүчбек кызы Адина менен Күрүчбек кызы Медина чогуу кафе ачып иштетип жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, кесиптери боюнча тигүүчү.

«4-5 айдан бери Таласта кафе иштетебиз. Улуттук тамактарды аралаштырып, уйгур ашканасына басым жасайбыз. Эгиз болгонубузга сүйүнөбүз. Экөөбүз бири-бирибизди колдоп келебиз. Ашканадан тамакты да кезектешип, чарчаганыбызды отургузуп, экинчибиз жасап коебуз.

Кичинебизден бери ар бир күнүбүз кызыктуу өтөт. Окшошсуңар деп көптөр айтканы менен кыялыбыз эки башка. Бойлорубуздан айырма бар. Кичинебизден ырдап-бийлеп чоңойдук. Дос-курбуларыбыздын тойлорунда ырдайбыз. Айрым учурда тойдо отурган коноктор номурубузду алып, өздөрүнүн тойлоруна чакырган күндөр болот. Ыраазы болгула деп өздөрү каалаган акчаны беришет. Окууда жүргөндө обончу Сабатар Исаков көрүп калып, «обондуу ырым бар, силер ырдап чыксаңар» деп сунуштады. Учурда «Эстедиңби», «Кайда элең» аттуу 2 ырыбыз бар. Тойдон «эгизсиңерби?» деп көп сурай беришет, сүрөткө түшүшөт», - деди алар.

Эгиздер үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2765
Көп окулду
×