Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу, Токмок 13.03.2018 13:49

Өмүр менен өлүмдүн кармашуусу: Токмокто 3 күндөн кийин эсине келген бейтаптын башына оор операция жасалды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы аймактык ооруканада оор абалдагы бейтапка эки сааттык операция жасалып, өлүмдөн куткарылды. Бейтаптын кан басымы жогорулап, анын кесепетинен эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн. Бул тууралуу оорукананын жетекчиси Бактыгүл Исаева билдирди.

IMG-20180313-WA0015

Анын айтымында, эс-учун жоготкон бейтаптын мээсиндеги кан айлануунун катуу бузулушу геморрагикалык инсультту алып келген. Тез арада дарыгер-нейрохирург Улан Дыйканалиев тарабынан уюп калган канды (гематома) операция жолу менен алып салуу чечими кабыл алынган.

«Бейтапты Бишкек шаарындагы ооруканага алып баруу өтө кооптуу болчу. Анын башына жасалган операция 2 саатка созулду. Кырдаал курч болуп турган. Себеби, гематома оорчулук менен жете турган жерде жайгашыптыр. Мындан тышкары бейтаптын кан басымы өтө жогору болуп жатты. Ошентип операция оӊ жагынан бүтүп, бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал операциядан кийин тактап айтканда, 3 күндөн соң эсине келди», - деди ал.

Улан Дыйканалиев Токмок шаарындагы аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенет. Буга чейин ал Улуттук госпиталда иштеген.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-Q2dYVXesAkJbw21O

«У.Дыйканалиев биздин ооруканада эӊ кыйын деген операцияларды жасап жатат. Ал ушул ооруканага келгенден бери алтымыштан ашык бейтапты дарылады», - деди Бактыгүл Исаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×