Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баракелде, Дүйнө 13.03.2018 13:08 На русском

Россияда кыргызстандык аялдын 2 айлык баласы чарчап калды

Turmush -  Россиянын Москва облусунда кыргызстандык аял 2 ай мурун төрөгөн ымыркайдын өлүмүнүн себеби аныкталып жатат. Бул тууралуу «Конретно.ру» басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, 2 айлык наристенин денеси кечээ, 12-мартта саат 10:00 чамасында Новоизмайловск көчөсүндөгү батирде табылган. Аталган батирди Кыргызстандын 34 жаштагы жана Россиянын 33 жаштагы жараны ижарага алып жашайт.

Наристенин денеси өлүмдүн себебин аныктоо үчүн өлүк сактоочу жайга жеткирилди. Бирок ымыркай жүрөк кемтиги менен төрөлгөнү белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×