Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Кочкордо мыйзамсыз акча чогулткан салык башкармалыгынын жетекчисине кылмыш иши козголду

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук башкармалыгынын жетекчиси К.Н.ге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кочкор райондук прокуратурадан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, башкармалыктын жетекчисине жана жооптуу кызматкерлерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренесинин (кызматтык жасалмалуулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда бир жыл аралыгында башкармалыкта иштебеген айдоочунун наамына эмгек акы катары 196 миң сом чегерилгендиги аныкталган. Бул мезгилде аталган айдоочу Нарын шаарында туруктуу жашап, ишкерлик менен алектенип жүргөн.

Мындан тышкары Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан сатыла турган кызматтык автоунаанын баасын атайын арзандатуу максатында тиешелүү документтерге бузук абалы тууралуу жалган маалыматтар киргизилген. Анын кесепетинен мамлекетке 50 миң сом өлчөмүндө чыгым келтирилген. Ошондой эле, салык башкармалыгынын жетекчиси өзүнүн кызматкерлеринен мыйзамсыз акча каражатын чогулткандыгы аныкталган.

Бул фактыларды тергөө иши Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Нарын облусундагы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1361
Көп окулду
×