Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ысык-Көл

Ак-Сууда мыйзамсыз кыйылган 2,5 куб карагай жүктөгөн «Мерседес Бенц» унаасы кармалды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда 2,5 куб карагай мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, 11-мартта пландык негизде рейд жүргүзүү учурунда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаада тилинген 2.5 куб тянь-шань карагайы жүктөлгөнү аныкталган.

Текшерүүдө алардын тийиштүү документтери болгон эмес. 12-мартта документтерин көрсөтүшкөнү менен карагайларды кыюуга ким уруксат бергени аныкталган жок. Учурда бул иш боюнча токой чарбада текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 932
Көп окулду
×