Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.03.2018 19:06 На русском

Жеңеке: Ата теги Казакстан, Россия, Түндүк Кореяда төрөлгөн Анжела Цой Караколго келин болду (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Каракол шаарына келин болгон 33 жаштагы корей кызы Анжела Цой. Ал жолдошу менен бирге түтүн булатканына 10,5 жыл болду. Аймактык кабарчы жеңекенин кызыктуу жашоосу менен таанышты.

Цой Анжела Енчановна 1985-жылы төрөлгөн. Учурда жолдошу экөө 2 уулду тарбиялап жатышат.

«Атам менен апам пияз, дарбыз, коон өстүрүшчү. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Биздин үй-бүлөнүн тарыхы абдан кызыктуу. Ата-энем Казакстанда төрөлсө, чоң аталарым Россияда, алардын аталары Түндүк Кореяда төрөлгөн. Апам Уралдагы жогорку окуу жайда химик-биолог адистиги боюнча билим алган. Ал эми, атам курулуш тармагын бүтүргөн. Алар кеч үйлөнүп, апам мени 35 жашында төрөгөн. Атам абдан көп иштеп, эрте кетип, кеч келчү. Бизге көбүнчө апам тарбия берди. Ал бизге ар кандай китептерди сатып берип, кызыктырчу. Апамдын жардамы менен билимге ээ болсом, атам математиканы жакшы көрүүмө себеп болду», - деди ал.

А.Цойдун айтымында, үй-бүлөсү жумушуна байланыштуу Казакстандан Чүй облусуна көчүп келишкен. Ал мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги Кыргыз-түрк «Манас» университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө окуган. Жогорку окуу жайды бүтүрүп, диплом алгандан кийин өз кесиби менен иштеген эмес.

Корей кызы болочоктогу жолдошу менен университетте окуп жүргөндө таанышкан. «Жолдошум Рустам Жаныбаев менен досторубуз тааныштырган. Жатаканада чогуу жашаган курбум Рустамдын классташы менен кыз-жигит болчу. Алар бизди тааныштырган. Курбум экөөбүз окуу жайда уюштурулган бий кечесине барганда анын жигити Рустам менен келген. Ошол күндөн баштап экөөбүз сүйлөшүп калдык. Анын тамашакөйлүгү, максатка умтулганы, тапкычтыгы менен көңүлүмдү бурду. Биздин бирге түтүн булатканыбызга 10,5 жыл болду. Учурда эки уулду тарбиялап жатабыз. Улуу балам Актан 8 жашта болсо, кичүү уулум Акбар 2 жашта. Жолдошум мени бардык жактан колдойт. Биз бири-бирибизге ишенебиз», - деди ал.

Анын жолдошу Р.Жаныбаев 1985-жылы төрөлүп, аталган университетте билим алган. Ал түрк, кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

«Жолдошум балдарын жана ата-энесин абдан жакшы көрөт. Жаңы келин болгондо көптөгөн кызыктуу окуяларга кабылгам. Жолдошум мага жүгүнгөндү туура эмес үйрөтүп койгон. Кайненем убагында көрүп калып, туура жүгүнүүнү түшүндүргөн. Биринчи жолу боорсок жасап жатканда да күлкүлүү окуя болгон. Боорсок кескичтин ордуна, камыр жайган тактаны алып баргам», - деди ал.

А.Цойдун жолдошу бир туугандарынын эң кичүүсү. Алар учурда Каракол шаарында ата-энеси менен бирге жашап жатат. Буга чейин жубайлар Казакстанда жашап, ошол жерде эмгектенишкен.

«Мага Караколдун таза абасы, жаратылышы, тоосу, жылдыздуу асманы жана элинин кең пейилдиги жагат. Жаңы келин болуп келгенде жолдошумдун үй-бүлөсү мени абдан жакшы кабыл алган. Мен кыргыз келиндерине окшобосом да алар дайыма мактап турушат. Айрым учурларда түшүнбөстүктөр болот. Мисалы корейлер адамдарды атынан атап, өзү каалагандай кийине беришет. Бирок бардык нерсени үйрөнүүгө аракет кылуу керек экенин түшүндүм. Турмушка чыгып жатканда апам "аял дайыма жолдошуна жанаша жүрүшү керек" деп айткан. Буга чейин үй-бүлөдө олуттуу көйгөйлөр болгон жок»,- деди А.Цой.

Анын айтымында, көп улуттуу үй-бүлөнүн балдары жөндөмдүү жана таланттуу болушат. «Улуу балам Актан мектеп-лицейде 1-класста окуп жатат. Ал сүрөт тартканды жакшы көрүп, чыгармачылыкка жакын. Ал эми, кичүү уулум Акбар кимге кандай мамиле кылуу керектигин билет. Жумушка кетип бара жатканда кичүү уулум сумкамды колума карматып узатат. Ал чоң атасына абдан жакын. Балдарым өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошушун каалайм», - деди ал.

А.Цой учурда сулуулук салондо эмгектенип жатат. Ал кыздарды бактылуу кылуу жагарын кошумчалады.

«Өз алдымча борбор түзүп, өлкөнү кыдырып, кыздарга макияж жасоону үйрөткүм келет. Аялдарга өзүнө ишенүүнү жана өзүн жакшы көрүүнү үйрөтүүгө жардам берсем дейм», - деди ал.

Анжела жеңе кыргыз тилинде эркин сүйлөт. Кыргыз тилин билүүсү жогорку окуу жайда мамлекеттик сынакты тапшырууга жардам берген.

«Мамлекеттик сынак башталып, башка университеттен мугалимдер келишти. Билет алып, даярданып, суроолорго кыргыз тилинде жооп бердим. Комиссияда отурган мугалимдер абдан таң калган. Комиссиянын төрагасы мага жакшы баа коюп берген. Кыргыз тилин эне тилим катары эсептейм. Балдарыбыз да кыргыз тилинде сүйлөшөт. Кыргызстан — менин мекеним. Бул жерде сүйүүмдү таап, үй-бүлө куруп, балалуу болдум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×