Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 13.03.2018 10:31

Айыл турмушу: Бакай-аталык М.Дүйшөнкулов 150 сомдук кепкирлерди токуп сатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 45 жаштагы тургуну Марат Дүйшөнкулов 5 жылдан бери зымдан кепкирлерди токуйт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кепкирлер 150 сомдон сатылат.

«Кичинемден эле устачылыкка жакын болуп өстүм. Айылда туруктуу жумуш жок болгондуктан жайкысын дыйканчылык, кышкысын устачылык менен алектенип келем. Кепкирлерди токуп жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Тынчы жок адам жөн отура албайт экен (күлүп). Кышкысын бош отурбай, жасаган буюмдарды базарларга алып чыгып сатам.

Бир кепкирди жасоого жарым саат убакыт кетет. Алгач саптарын даярдап алам. Сап кадимки эле теректен жасалат. Зымдын 1 кг 80 сомдон сатып алам. 1 кг зым 4-5 кепкирге жетет. Чоң кепкирлер 150 сом, кичинекейлери 100-130 сомдон сатылат. Булар айыл ичинде көп колдонулгандыктан чоң кепкирлерге буйрутмалар көп түшүп турат.

Мээнетим текке кетпейт. Буларды саткандан түшкөн акча оокат-ашка кенен жетет», - деди ал.

Уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×