Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.03.2018 10:02

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү облустук ооруканаларга күтүүсүз текшерүүгө барды (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 12-мартта Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканага, облустук төрөт үйүнө жана №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, күтүүсүз текшерүүгө алды жана курулуш иштери менен да таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчысы алгач облустук клинкалык оорукананын травматология, хирургия жана балдар бөлүмүнө кирип, бейтаптардан дарыгерлердин жасаган мамилелери кандай экенин сурады. Ал ооруканада дарыланып жаткан жарандарга: «Эл арасында дарыгерлерге карата түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Дарыгерлердин бейтаптарга жасаган мамилесин силер аркылуу билебиз. Жакшы карабай, кош көңүлдүүлүк мамиле жасалса ачык айткыла», - деди.

Бейтаптар, алардын жакындары ак халатчандардын мамилелерине ыраазычылыктарын гана билдиришти.

Облустук клиникалык оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаев оорукана аймагындагы ички жолдор бир топ жылдан бери каралбай, бейтаптар үчүн да ыңгайсыздык жаралып келгенин айтты. Быйылкы жылы оорукананын аймагындагы 1 чакырымдан ашык жолго асфальт, айрым жерге таманташтар төшөлө турганын, жолдорду оңдоо үчүн тендер жарыяланганын кошумчалады. Андан сырткары күйүк алган жарандар үчүн облуста биринчи жолу ачыла турган күйүк оорулар бөлүмүнүн имараты боюнча да кошумча маалымат берди.

Маалым болгондой, Немис өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 60 орундуу ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн 2 кабаттуу имараты курулууда. Аны үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тез жардам кызматы үчүн салынып жаткан имараттын курулуш ишине да күбө болушту. Бул имарат май айына чейин бүтөөрү күтүлүүдө. Ал эми облустук төрөт үйүнүн биринчи кабаты капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул үчүн республикалык бюджеттен 3 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

«Биринчи кабатын өзгөртүп, аялдардын көз жаруусуна ылайыкташтырылууда. Тактап айтканда 12 төрөт бөлмөлөрү болот. Эми жабдыктар менен камсыздап алсак, заманга ылайыкташкан оорукана болуп калат», - деди Жаныбек Карабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×