Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуТалас району 13.03.2018 10:00

Кар көчкүлөрдү аткылоо иштерине байланыштуу Таластагы унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Turmush -  11-марттан 13-мартка чейин тоолуу аймактарда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери жүрүп жаткандыктан Талас облусунда унааларга рейд жүргүзүлдү. Маалым болгондой, аткылоо иштерине байланыштуу унааларга саат түшкү 12:00дөн түнкү 00:00гө чейин чектөө коюлган.

ӨКМдин Талас облусундагы бөлүмүнүн башчысы Мирлан Карабаевдин айтымында, жолдо бара жаткан учурда унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.

«Бизде бүгүн 11 жүк ташуучу унаа турат. Жүргүнчүлөргө бир маал ысык тамак, жылынуучу жай камсыздалды. Медицина кызматкерлери, куткаруучулар, жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр иштеп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×