Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баракелде, Дүйнө 13.03.2018 09:44

Айдоочулардан өзгөчө композиция: Россияда 250гө жакын унааны тизип, В.Путиндин портретин жасашты (фото)

Turmush -  Россиянын Хабаровск шаарынын тургундары флешмоб уюштуруп, анын жүрүшүндө унаалардын жардамы менен президент Владимир Путиндин портретин жасашты. Акцияга 250гө жакын автоунаа катышканын «РИА Новости» басылмасы уюштуруучулардын бири Вячеслав Шемпелевге шилтеме берүү менен маалымдады.

Анын айтымында, аталган флешмоб 18-мартта өтө турган президенттик шайлоого тиешеси жок.

«Биз адамдын портретин өзгөчө кылып жасоону ойлоп жүргөнбүз. Жыйынтыгында президенттин портретин жасоону чечтик. Акцияга тиешелүү сандагы унаа катышпагандыктан анын портретинин жарымы гана жасалды», - деди ал.

В.Шемпелев портретти жасоодо атайын жабдыктар колдонулбаганын белгиледи. Унаалар тизилгенден кийин алардын жарык берүүчү бөлүктөрү жандырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×