Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Нарын облустук театрынын артисти А.Сатыбалдиева «Мыкты аткаруучу» төш белгиси менен сыйланды (фото)

Turmush -  Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрынын артисти Айгүл Сатыбалдиева Жумамүдүн Шералиев атындагы эл аралык фонддун «Мыкты аткаруучу» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган фонддон билдиришти.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-TE3WemwpEQ9

Айгүл Сатыбалдиева М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктагандан кийин эмгек жолун театрдан баштаган. Обондуу ырларды чеберчилик менен аткарып, тез эле эл оозуна алынган. Обондуу ырларды эле аткарбастан, кейипкерлердин ролун жаратат.

Быйыл А.Сатыбалдиеванын театрда эмгектенгенине 31 жылдын жүзү болду. Бул жылдардын аралыгында бир катар сыйлыктарга арзыды. Мисалы, Г.Дулатова атындагы сыйлык, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. Учурда анын 4 баласы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1169
Көп окулду
×