Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 13.03.2018 08:55

Ала-Букадагы аскер бөлүктө ефрейторго ок тийип каза болду

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан 2030-аскер бөлүктө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер ок тийип каза болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы окуяга ок атуучу куралды этиятсыздык менен пайдалануу себеп болгонун маалымдады.

«Катардагы жоокер Б.Д. (аскердик милдетин 2017-жылы күзүндө баштаган) куралдан этиятсыздык менен ок чыгарып, андан ефрейтор Т.Б. жаракат алган. Жабырлануучу ооруканага бара жаткан жолдо көз жумду.
Учурда кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Окуя болгон жерде Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×