Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.03.2018 23:25

Ак-Талаада 29 жаштагы жигитке жардам берүү максатында футболдук мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 29 жаштагы тургунуна жардам берүү максатында футболдук мелдеш өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жигит тамагына операция кылууга муктаж. Анын операциясына көп каражат керек болгондуктан, анын достору — 1989-жылкы жигиттер кайрымдуулук иретинде кичи футбол боюнча мелдеш уюштурушту. Мелдештин ачылыш аземине акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов катышып, жигиттерге ыраазычылык билдирүү менен бирге өзүнүн атынан 3 миң сом тапшырса, райондук сот тарабынан 3 миң сом каражат берилди.

Ал эми мелдешке жалпы 14 команда катышып, ар бир тайпа 500 сомдон чогултуп, оюн талаасында күч сынашты.

«Кайрымдуулук иретинде өткөн мелдешке мекеме-ишканалардан атайын өкүлдөр чакырылган, бирок айрымдары келишкен жок. Мелдеш өтүп жаткан мезгилде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, райондун имам-хатиби Жаныбек Жээнбеков келип кетишти», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×