Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 12.03.2018 17:28

Кадамжайдагы фермерлер 400 баш койдон 400 төл алышты

Turmush -  Кадамжай районундагы фермерлер Ысмайыл Сулайманов менен Закир Урманов жыл башынан бери 400 баш койдон 400 баш козу алышты. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун дагы бир тургуну Өткүржан Асанбаев 6 гектар жерге алманын карлик сортун өстүрүүдө. Келечекте бул бактан жылына 300 тоннадан ашык алма алына баштайт.

Ал эми А.Маразаков кургатылган мөмө-жемиштерди чыгаруучу ишкана иштетип жатат. Цех заманбап жабдуулар менен иштеп, алма как, өрүк как жана кургатылган бардык жемиштерди жууп, тазалап, сорттоп, атайын баштыкчаларга салынгандан кийин сатыкка чыгууда.

Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев кадамжайлык дыйкан-фермерлердин иши менен Региондорду өнүктүрүү жылына карата таанышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×