Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Талас

«Альянс Алтын» компаниясы Таласта 200дөн ашык айымга белектерди таратты (фото)

Turmush -  Талас районунун айымдары «Альянс Алтын» компаниясынан белектерди алышты. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалым болгондой, «Альянс Алтын» компаниясы 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата Талас районунун айымдарын куттуктап, район жетекчилиги менен биргеликте Көк-Ой айылындагы маданият үйүндө атайын иш-чара уюштурушту. Анын алкагында айымдар үчүн концерттик программа уюштурулуп, «Баатыр энелерге», көп балалуу, турмуш-шарты начар айымдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга күнүмдүк тиричиликте өтө керек болгон азык-түлүктөр тапшырылды.

Ушундай эле куттуктоо аземи Бекмолдо айыл өкмөтүндө да өткөрүлдү. Анда жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын 4 айылынын айымдарына белектер тапшырылды. «Альянс Алтын» компаниясы жалпысынан район аймагында жашаган 200дөн ашык айымга белектерди таратты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1078
×