Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Манас районундагы каналдар оңдолууда

Turmush -  Манас районундагы Бай-Суу жана Кыдыраалы каналдары оңдолуп жатат. Бул тууралуу Манас районунун акиминин биринчи орун басары Замир Курманалиев маалымдады.

Анын айтымында, каналдардын биринде бетондоо, жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатса, экинчисинде суунун сыйымдуулугун жогорулатуу үчүн кеңейтүү иштери аткарылып жатат. Кыдыраалы каналынын сыйымдуулугу 8 куб метрди түзөт. Оңдоо иштери Манас райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан аткарылууда.

Башкармалыктын жетекчиси Абдраим Сейиткуловдун айтымында, Бай-Суу каналында суу алып кеткен, кооптуу делген 250 метр жери бекемделүүдө. Аталган каналдан райондогу дыйкандардын 2,5 миң гектар жерине суу берилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 658
Көп окулду
×