Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Ат-Башыдагы борбордук сейил бактын айланасы убагында тазаланбайт, - тургундар (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы борбордук эс алуучу сейил багынын ичи жана айланасы ар кандай таштандыга толуп, жыйналбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, аталган сейил бактын айланасы убагында тазаланбайт.

«Айылыбыздын көрүнүктүү борбордук эс алуучу сейил багынын ичи жана айланасы ар кандай таштандыга толуп, өз убагында тазаланбай, акыр-чикирлер урнадан дагы ашып калат. Бул жакка эс алып келген жаш балдар жердеги таштандылар менен ойношот. Мындан сырткары эс алууга келген адамды ирээнжитет. Таштанды аба менен ар кандай ооруларды алып келүүсү мүмкүн», - деп билдиришти тургундар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 881
Көп окулду
×