Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчылыгына төрт талапкер катталды

Turmush -  Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчылыгына төрт талапкер керектүү документтерди тапшырышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Кочкор айылдык кеңешинин сунушу менен Кочкор айылдык кеңешинин депутаты, жеке ишкер Абакиров Рахатбек Болотбекович, Кочкор жаштар кеңеши бирикмесинин төрагасы, жеке ишкер Мирбек Асанбай уулу, «Кочкор Эл биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы Солтонкулов Тынарбек Анарбекович, Кочкор айылдык кеңешинин депутаты, жеке ишкер Касымалиев Акылбек Зарылбекович аймактык шайлоо комиссиясына документтерин тапшырышты.

«Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 53-беренесине ылайык Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен төртөө талапкер болуп катталды. Бирок Касымалиев Акылбек Зарылбекович өз арызынын негизинде талапкерликке каттоодон баш тартты», - деп билдиришти аймактык шайлоо комиссиясынан.

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 16-март күнү өткөрүлүп, Кочкор айылдык кеңешинин депутаттары добуш беришет. Кочкор айылдык кеңешинде 21 депутат бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1287
Көп окулду
×