Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баракелде, Бишкек 12.03.2018 14:55

Тоо этектериндеги жаан карга айланат, - 13-мартка карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 13-мартта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн +1...+6
күндүз +7...+12

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн 0...+5
күндүз +7...+12

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +1...+6
күндүз +7...+12

Баткен облусунда
түнкүсүн +1...+6
күндүз +7...+12

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -1...+4
күндүз +5...+10

Нарын облусунда
түнкүсүн 0...-5
күндүз +1...+6

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +3...+5 градус, күндүз +9...+11 градус болот.

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +3...+5 градус, күндүз +9...+11 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×