Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Жубайлар: Кара-бууралык Ш.Райымбеков жубайы менен таанышкан күнү эле үйлөнүүнү сунуштаган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Шекер айылынын тургуну Шаршенбек Райымбеков жубайы Нурила Сатыбалдиеваны таанышуудан кийин күтүүсүздөн үйүнө алып барып, үйлөнүү жөнүндө сунуш киргизген. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Нурила айым: Мен Кара-Буура районунда төрөлгөм. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Кесибим боюнча орус тилчи мугалиммин. Учурда Шекер айылындагы Т.Айтматов атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенем.

Жолдошум менен 1999-жылы май айында Бүкөн деген жеңем аркылуу таанышып калганбыз. Жолдошум мени менен таанышып, «УАЗ» үлгүсүндөгү унаа менен айылын көрсөттү. Күтүүсүз жерден үйүнө алып барып, үйлөнүүнү сунуш кылган. Мен ата-энесинин көзүнчө жок дей албай, макул болдум (күлүп).

Шаршенбек мырза: Жубайымды эң биринчи жеңем сунуш кылып, тааныштырам деп үйүнө чакырган. Барсам жубайым үйүндө отурган экен. Экөөбүз баш кошуп жатканда жаан жааган. Эмне үчүн жубайым жактан эч ким келбейт десек, көрсө жамгырдан үйлөрүнөн чыга албай, токтогондо келишкен экен.

Кудайдын буйругу экен турмуштун жолунда бирге келе жатабыз. Өзүнчө там салып, учурда 2 кыз, 3 уулду тарбиялап жатабыз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 862
Көп окулду
×