Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 12.03.2018 22:07

Жубайлар: Кара-бууралык Райымжан ата Жибек апаны совхоздун «Газ-51» унаасы менен алып келген (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кайнар айылынын 67 жаштагы тургуну Райымжан Кылычбаев 65 жаштагы Адигинеева Жибек апага баш кошкондо совхоздун «Газ-51» үлгүсүндөгү унаасы менен алып келген. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жибек апа: Мен Кара-Буура районунун Маймак айылында төрөлгөм. 4 бир туугандын экинчисимин. 1968-1969-жылдары Фрунзе шаарында медициналык окуу жайда окугам. Жолдошум экөөбүз 1972-жылы 16-августта ооруканадан таанышып калганбыз. Ошол эле жылы Кайнар айылына келин болуп келдим. 42 жыл Көк-Сай айылдык ооруканасында медайым болуп иштедим. 2 эркек, 1 кызым бар. 2 балам шаарда милиция кызматкери болуп иштешет. 2 келиндүү болгонбуз, алардын дагы жумуштары бар. Неберелеримди турмушка узаттым.

Райымжан ата: Өзүм айылдын трактористимин. Экөөбүз баш кошкон учурда жеке менчик унаалар жок эле. Ошого байланыштуу жубайымды совхоздун «Газ-51» үлгүсүндөгү унаасы менен алып келгем. Буйрук экен, жубайым экөөбүз учурда небере-чөбөрөлөрүбүздү көрүп отурабыз.

Жибек апа: Биздин учурду азыркы келиндердин жашоосу менен салыштырганга болбойт. Ал убакта биз казан-казан нап жапчубуз. Мен нан жапканды башында билбейт элем. Нан жасаганды чоң кайын энем үйрөткөн.

Бир жолу «орустар айранга камыр көптүрүп нан жасаса сонун болот» дегенди угуп, мен дагы чоң чарага камыр ачыттым. Ал ачыбай калып, айла жок кайра далбастап башка камыр ачыткан элем (күлүп). Чоң кайын энем көп кемчилигимди жашырып жүрдү. Аябай жакшы киши эле.

Жубайлар 9 неберелүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×