Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 12.03.2018 12:19

Фото — Талас облусунда биринчи жолу ак илбирстер фотокапканга түштү

Turmush -  Талас облусунда биринчи жолу ак илбирстер фотокапканга түштү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине «Пантера» фондунун өкүлү Заирбек Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, фотокапкандар «Чегетей-Тоо» жана «Пантера» уюмдарынын өкүлдөрү ак илбирс тоо текени жеп жатканын көрүшкөндөн кийин орнотулган.

«Фотокапкандар Бакай-Ата районунун Күмүштак аймагында орнотулган. Аталган аймакта Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте жапайы жаныбарларды коргоо иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×