Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баракелде, Бишкек 12.03.2018 10:37 На русском

Жаш жигитти бычактап өлтүрүп, денесин Чоң Чүй каналы тарапка таштап кеткен шектүүлөр кармалды

Turmush -  Бишкектеги Чоң Чүй каналынын жанында жансыз денеси табылган жигиттин өлүмүнө шектүү делген адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 3-мартта саат 13:10до 102 кызматына ЧЧКнын жанында 18-20 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге жөнөп кеткен Биринчи май РИИБдин жана ШИИБдин ыкчам иликтөө тобу жаш жигиттин зомбулук менен өлтүрүлгөн, тактап айтканда бычакталган денесин табышкан.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козгогон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде аталган оор кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, жыйынтыгында 1999-жылы туулган К.А. жана 2000-жылы туулган Т.И. кармалды.

Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×