Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Чүй

Сокулукта жол тандабас менен 600 түп көчөттү уурдап кетишти (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылында 9-марттан 10-мартка караган түнү 600гө жакын көчөттөрдү уурдап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучу Асылбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, көчөттөрдү жол тандабас менен уурдап кетиши мүмкүн.

«Буга чейин бул айылда эч ким көчөт сатчу эмес. Мен алгачкылардан болуп баштагам. Күзүндө дагы 400гө жакын көчөтүмдү уурдатып жиберип, ким экени табылбай калган. Бул жолу да 600гө жакын көчөттөрдү уурдап кетишти. Көчөттөрдүн жанына барган унаанын изин карасак, жол тандабастын дөңгөлөктөрүнүн изи калыптыр. Мындан тышкары спирт ичимдиктеринин бөтөлкөлөрү, чипсынын кабыгы жерде калган экен. Орто эсеп менен 60 миӊ сомго чыгым болдук. Учурда аймактык милиция кызматкерлерине кайрылдык», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3461
Көп окулду
×