Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Бишкек 10.03.2018 15:05 На русском

Фото - Бишкекте 1 тонна бешбармак бышыруу үчүн 8 жылкы союлду

Turmush -  Бишкек шаарында 1000 килограмм бешбармак бышыруу үчүн 8 жылкы союлду. Улуттук бешбармак Гиннестин Рекорддор китебине киргизүү үчүн жасалып жатканын бүгүн, 10-мартта «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмесинен билдиришти.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, даярдыктар 9-мартта башталган. «Жалпы 8 жылкы союлду. Бүгүн 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулду. Учурда 1480 кг эт бышырылып жатат. Ал эми, 110 метрлик чучук эртең даяр болот», - деди ал.

Ж.Ырсалиев Бишкек шаарынын мэриясы иш-чара өтө турган жерге — Ч.Валиханов көчөсүнүн тилкесине тосмо орнотконун кошумчалады.

Уюштуруучулар 8-мартта Гиннестин Рекорддор китебинен 1-турдан ийгиликтүү өтүшкөнү тууралуу кат алышкан.

Буга чейин Ала-Тоо аянтында 4-февралда Ак калпак күнүнө карата «Мен кыргызмын» фестивалы өтүп, анда Гиннестин Рекорддор китебине киргизүү үчүн 1000 килограмм улуттук бешбармак жасоо пландалып жатканы маалымдалган.

Кийинчерээк мэрия аталган иш-чараны Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө уруксат бербегени белгилүү болгон болчу. Иш-чараны өткөрүү 11-мартка жылдырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×