Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык 23 жаштагы Фархад жип менен сүрөт тартып, 4500 сомго баалайт (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 23 жаштагы тургуну Фархад Нишанбаев жип жана мыктын жардамы менен сүрөт тартат. Аймактык кабарчы анын эмгектерин көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, сүрөттөрдү 4500 сомго чейин баалап сатат.

«Бул өнөр Стринг арт деп аталат. Мен сүрөтчүмүн, бул кичинекей кезимден бери келе жаткан талантым. Жип жана мыктын жардамы менен сүрөт тартып жатканыма 1 ай болду. Мындай сүрөттү көптөн бери жасагым келип жүргөн. Стринг арт тууралуу бир жыл мурун интернеттен окуп, үйрөнүп алгам. Сүрөт тартууда балка, мык, жука тери, боек, кагаз, жип, илгич, тактай, рамка, жыгач кесүүчү жабдык, сүргүч жана кол ара колдонулат. Учурда оңой жасалган сүрөттөрдү тартып жатам. Бир сүрөттү жасоого 4-5 саат убакыт сарпталат. Алгач фанерага сүрөт жасап, колумду көндүрөм. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жакшы сүрөт тартканга аракет жасоодомун. Ошондой эле, эмгектеримди топтоп, көргөзмө уюштурууну пландап жатам», - деди ал.

Сүрөтчү эң чоң сүрөтүн 4500 сомго баалап саткан.

«Эң биринчи чоң эмгегим — аттын башынын сүрөтү болду. Эмгектеримдин арасында эң төмөнкү баа 230 сом болгон. Сүрөт тартуудан тышкары ширеткич, автомеханик жана ашпозчулук кесиптердин ээсимин. Келечекте өзгөчө нерсе ойлоп табууну максат кылып жатам», - деди сүрөтчү.

Ф.Нишанбаев үч бир туугандын эң кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8341
Көп окулду
×