Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Айыл турмушу: Майыптыкка баш ийбеген Жеңиш Мамасеитов бактылуу жашоосу менен жердештерине үлгү (видео)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнүн 27 жаштагы тургуну Жеңиш Мамасеитов төрөлгөнүнөн бери сүйлөй албайт. Ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, досторунан кем калышпай тиричилик кылып келет. Жазгысын талаа, устачылык иштери менен алектенсе, кышкысын унаасы менен таксист болуп эмгектенет. Сүйлөй албаса да колу менен жаңсап, кардарларын айткан дарегине жеткирүү менен алкыш угуп келет.

Жеңиш Мамасеитов

Турмушка баш ийбеген эрки менен ак эмгек кылып, айланасындагыларга үлгү болгон Жеңиш Мамасеитов менен аймактык кабарчы таанышты. Бул маектешүүдө Жеңиштин атасы Омар Мамасеитов жардам көрсөтүп, уулунун оюн айтып берди.

«Мен эки жылдан бери таксист болуп иштеп, үй-бүлөмдү багып жатам. Бир уул, бир кызым бар.

Кардарларга колум менен жаңсап түшүндүрөм. Эгерде түшүнбөй жатса кагазга жазып, айткан дарегине жеткирип турам», - деди ал.

О.Мамасеитовдун айтымында, Жеңиш башка балдарынан сезимталдыгы менен айырмаланат.

«Менин 6 балам 3 уул, 3 кызым бар. Балдарымдан Жеңиш гана сүйлөбөй калды. Мындай учур буга чейин уругубузда болгон эмес. Бирок Жеңиш өтө зээндүү адам. Балам менен жаңсап эле сүйлөшөбүз. Атайын адистештирилген дудуктар жана дүлөйлөр мектебинде окуган. Айдоочулук курсун дагы бүтүрүп, күбөлүк алган. Анын жубайы да сүйлөй албайт. Бактыга жараша балдары так сүйлөшөт.

Уулум эл катары үй-бүлөсү менен жакшы жашап жатат. Жайы менен устачылык кылат. Минип жүргөн унаасын дагы өзү иштеп сатып алган. Башка балдарыма салыштырмалуу сезимтал, көп ишти айттырбай түшүнөт», - деди атасы.

Жеңишти достору да ар дайым колдоп турушат. Ал кичине кезинен эле футболду жактыргандыктан бош убактысын достору менен футбол ойноп өткөрөт.

«Мен Жеңиш менен 3-классымда таанышкам. Ошол убактан бери дос болуп жүрөбүз. Ал футболду абдан жакшы көрөт. Өздөрүнүн курама командасы дагы бар. Досубуз ар кандай таймаштардан медалдарды алып келди. Өзү абдан мээнеткеч. Биздин сөзүбүздү дароо түшүнүп турат», - деди Мелис Арзыбаев.

«Сезим» мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар коомунун жетекчиси Камилжан Майнаевдин айтымында, айыл өкмөттө 300дөн ашуун майып жашоочу бар. Учурда Жоош айыл өкмөтүндө 21 миң адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5043
Көп окулду
×