Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Баткен 09.03.2018 15:24

Баткенде майрам күнү 18 унаа айып аянтына киргизилди

Turmush -  8-март — Айымдардын эл аралык майрамында Баткен облусунда жол эрежесин бузган 18 унаа айып аянтына киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Абдыбасыт Исаев билдирди.

Анын айтымында, майрам күнү алар күчөтүлгөн тартипте иштешти. Жыйынтыгында жол эрежелерин бузган 136 айдоочуга протокол түзүлгөн. Алардын ичинен 6 айдоочу унааларын мас абалда айдаганы такталды.

Абдыбасыт Исаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×