Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 09.03.2018 14:20

Лейлектеги айымдарга «Мыкты айым» наамы тапшырылды

Turmush -  Лейлек районунда «Аялдар — адамзаттын өмүр жазы» аталышында иш-чара өттү. Бул тууралуу Лейлек районунун акимчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, салтанатка 220 аял чакырылды. Анда 4 аялга КРнын «Ардактуу инсандар» коомунун «Мыкты айым», 1 аялга «Мыкты ишкер» наамы, 1 аялга Аялдар конгрессинин ардак грамотасы, 7 аялга Кулунду айылдык кеңешинин, 31 аялга Кулунду айыл өкмөтүнүн ардак грамоталары тапшырылды. Айымдар үчүн окуучулардын чакан концерти тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×