Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Баткен

Баткен районунда 3 миң гектарга арпа жана буудай эгилет

Turmush -  Баткен районунда кылкандуу дан эгиндерин эгүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Абдипатта Пинназаров билдирди.

Анын айтымында, Рават айылындагы айдоо жерлери үчүн 30 техника тартылып, учурда 1 миң гектар жер айдалып, анын 560 гектарына кылкандуу дан эгиндери себилип бүттү.

«Жазгы талаа иштерин жогорку деңгээлде аткарып жатабыз. Кыска мөөнөттүн ичинде бүтүрүшүбүз керек. Анткени жаз эрте келди. Эл убакытты текке кетирбей үрөндү сээп жатат. Айыл чарба иштерине керектүү 30 техника бар. Дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя берип жатабыз», - деди ал.

Рават айылынын тургуну Абдыманнап Кулбеков да 12 гектар кайрак жерине жыл сайын арпа эгет. 12 гектар аянтынан 13 тоннадай түшүм алат. Арпанын өнүп чыгышы жаан-чачынга байланыштуу. Анткени бул жерлер кайрак болгондуктан, сугат суу барбайт. Эгер жаан көп жааса тез өнүп чыгып, түшүмү да көп болот.

Дыйкан Чыныбек Кадыров болсо жеңилдетилген насыяга алган трактору менен жерлерди айдап, пайдасын көрүп жаткандыгын айтат. Ал эми трактор үчүн күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 45 сомдон бааланууда. Трактористтер майдын баасына нааразычылыктары жок дешет.

Баткен райондук агрардык өнүгүү башкармалыгы билдиргендей, бул жылы жалпы 3 миң гектар аянтка арпа жана буудай эгилет. Ар бир гектарынан 1,5 тоннадан түшүм алынат. Ал эми алынган түшүмдөр облус аймагынан тартып, коңшу Тажикстанга чейин сатылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1150
Көп окулду
×