Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.03.2018 14:40

Жалал-Абада тоо-кен тармагындагы лицензиялардын көп берилип жатышы талкууланды

Turmush -  Тоо-кен тармагында иш алып барган ишканаларга лицензиялардын көп берилүүсү калктын нааразычылыгын жаратууда. Мындай пикир Жалал-Абад шаарында тоо кен, өнөр жай, энергетика тармагы талкууланган жыйында айтылды.

Маалыматка караганда Жалал-Абад облусу боюнча лицензияны кармоо үчүн төлөмдөн түшкөн киреше жылына 41 млн сомдон ашат. КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин орун басары Азиз Сапаралиев тоо кен өндүрүүчүлөр мыйзамды толук аткарбагандыктан эл нааразычылыгы жараларын, бул жаатта биргеликте иш алып барылып жатканын баса белгиледи.

«Тоо-кен өндүрүүчүлөр менен элдин ортосундагы нааразычылык экологиялык коопсуздук сакталбагандыгында болууда. Ошондуктан компания өкүлдөрүнүн катышуусунда облуста маселени талкууладык. Эми райондор алкагында да иштер жүрөт. Лицензия, чалгындоо боюнча да маселелер көтөрүлдү. 2012-жылга чейин же КРнын Жер казынасы жөнүндө мыйзамы кабыл алынганга чейин жер казып иштетилгенден кийин гана калыбына келтирилчү. Жогорудагы мыйзам кабыл алынгандан бери лицензия алган компания кайсыл жерге чалгындоо ишин жүргүзбөсүн сөзсүз түрдө жерди калыбына келтирүү ишин аткарат. Иш аткарылгандыгы боюнча акт түзүлүш керек. Андан соң гана кийинки кадамдарга өтө алышат. Тобокелдикке жол берилбейт», - деди ал.
Жалал-Абад облусу боюнча кен чыккан 135 жер, перспективдүү 195 участоктор жана рудалык 57 көрүнүштөр бар. Ар кандай этапта 522 лицензия берилген. Алардын ичинен 208 лицензия алтын кенине, 180 руда эмес кендерине, 34 даанасы нефть жана газга, ал эми көмүр кенине 63 лицензия бар.


Ошондой эле, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен кызматташууда ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлор боюнча да маалымат берилди. Аталган фонд аркылуу Жалал-Абад дубанынан Таш-Көмүр шаарындагы ишкананы каржылоо жүрүүдө. Мында Чаткал районунан келген бийлик өкүлдөрүнөн тоо-кен тармагында көп суроолор берилди. Лицензия берүүдө калктын жергиликтүү бийликтин дагы пикири эске алуу керектиги да айтылды.
Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакыт Исабеков 60 кг чейин алтын кени бар аймактарга лицензия бербей эле коюуну сунуштады.

Жыйынга КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин орун басары Азиз Сапаралиев, Машина куруу, металлургия жана курулуш материалдар башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Термечикова, КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×