Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 08.03.2018 20:38

Айыл турмушу: Кызыл-Кыяга келин болгон Н.Атабекова ырларды жазып, акындык өнөрүн такшалтууда (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Назгүл Атабекова ырларды жазып, акындык өнөрүн такшалтууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында чоңойгон. Учурда Кызыл-Кыя шаарына келин болгон.

«Мектептеги курактан эле ыр окуганды жакшы көрчүмүн. 2014-жылы биринчи жолу ыр жазып, Жалал-Абад шаарында Нуркан Койчуманова уюштурган сынакка катышып, кызыктыруучу сыйлык алгам. Ал учурда болгону 6 ырым бар эле. Кызыгы сынакка да 6 ыр алып барыш керек эле. Ошол убакыттан бери ыр жазып келем. 2015- жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаш калемгерлер үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду ээлегем. 2016-жылы Бишкек шаарында өткөн «Жаңы ысым» фестивалында кызыктыруучу сыйлык алгам. 2017-жылы Баткен облусунда Эгемберди Эрматовдун урматына өткөрүлгөн жаш калемгерлердин сынагында байгелүү орунга ээ болдум. Алдыда жакшы ырларды жаратып, кыргыз адабиятына салым кошсом дейм. Ыр жазуудан тышкары тамак жасаганды жакшы көрөм. Кайын атам, кайын энем, жолдошум мактап калышат», - деди ал.

Акын айым 1 кыздын энеси.

Буга да шүгүр маңдайга жазган белектир,
Атактуу күндөр алдыда бир күн келеттир.
Мыйзам бул балким аялзат үчүн коюлган,
Же акын болуу, же катын болуу керектир.

Мени эсте

Асманга жылдыз жаркырап турса ар кечте,
Керемет сонун толуптур бүгүн ай дешсе.
Караңгы түндө карааның издеп отурган,
Кайдыгер болбо, жарыгым анда мени эсте.

Жаз жамгыр төгүп, жаз гүлү чыкса белеске,
Жаз менен келген жалганчы сезим эмес де.
Төгүлүп гүлү томсоргон тоонун боорунда,
Жамгырдай жашы тыйылбай жүргөн мени эсте.

Күз бүтүп кыштын ызгаары келген бир кезде,
Жалгыздык жашоо жаныңа баткан кез келсе.
Үмүтүн үзбөй жылуулук күткөн өзүңдөн,
Чилдесинде сезимдин жүргөн мени эсте.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×