Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.03.2018 09:00 Жаңыланды: 12.03.2018 13:53

Кыянбек Сатыбалдиев жетектеген Жалал-Абад облусунда бир жылда 137 ишкана ачылып, ири долбоорлор ишке ашып баштады

Turmush -  Тоо кендерге бай Жалал-Абад облусу 2017-жылды жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады. Ошондой эле, инфраструктураны жакшыртуу багытындагы бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери улантылып жатат.

Облустагы жылыштар, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата алдыга коюлган пландар, өкмөттүн өнүгүү багытындагы мамлекеттик программасына кирген пилоттук шаарлар, аймакты жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен аймактык кабарчы маектешти.

Кыянбек Сатыбалдиев
- Кыянбек Урмаматович, алгач облустун өткөн жылдагы көрсөткүчтөрүнө токтоло кетсеңиз? Жыл кандай жыйынтыкталды?

- Жалал-Абад облусу 2017-жылды жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады десек болот. Анткени бизде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү аткарылып, 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи камсыздалды. Алсак, өнөр жай тармагында жалпы суммасы 24 млрд 482 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 144,1 пайызды, айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын өндүргөн продукциясынын көлөмү 39 млрд 753 млн сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,7 пайызды түздү.

Чекене товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү салыштырма баада 56 млрд 761 млн сомду түзүп, өсүү темпи 107,3%, кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 7 млрд 621 млн сом, өсүү темпи 101,2% болду. Автотранспорт менен 2 млн 449 миң тонна жүк ташылып, өсүү темпи 102,2 пайызга жеткен.

Автотранспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү да өскөн. Негизги капиталга инвестицияларды тартуунун жалпы көлөмү 20 млрд 373 млн сом же өсүү темпи 103,5 пайызга камсыздалды. Бюджеттин аткарылышы боюнча да сөз кылууга болот. Былтыркы жыл ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоодо салык төлөмдөрүнөн 3 млрд 677,9 млн сом жыйналып, план-божомол 102,9 пайызга чыктык. Анын ичинен республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардан 2 млрд 392,2 млн сом жыйналып, план 101,8%, жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардан 1 млрд 285,7 млн сом жыйналып, план 104,8% болуп аткарылган. Бул үчүн аким, мэрлердин, айыл өкмөттөрдүн, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана кызматкерлердин салымы болду. Бардык кызматкерлерге терең ыраазычылыгымды билдирип кетем. Быйыл да буйруса жакшы дем-күч менен иштеп жатабыз. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата алгылыктуу жумуштарды аткарууга бар күчүбүздү жумшайбыз.

- Экономика боюнча республикада жакшы көрсөткүч чыкты. Ага жетүүнүн кадамдары кандай болду?

- 2017-жылдын жыйынтыгы менен облустагы экономика тармактарында көрсөткүчтөрдүн аткарылышына биринчи кезекте коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугу жана калктын күжүрмөн эмгегинин натыйжасында жетиштик десем жаңылышпайм. Жетишилген экономикалык көрсөткүчтөр өзү ачык-айкын баяндап жатат.

- Жаңы ишканаларды ишке киргизүү аракеттери жакшы жасалып жаткандай...

- Былтыркы жылы жаңы өндүрүш ишканаларды ишке киргизүү, жумушчу орундарды түзүү иштеринин натыйжасында 137 жаңы ишкана ачылды. Анын ичинен өнөр жайында 36 ишкана болсо, соода тармагында 30, кызмат көрсөтүү тармагында 61, айыл чарбасында 10 ишкана ишке киргизилип, аларда жалпысынан 680 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Буйруса быйыл да жакшы көрсөткүчтөргө жетишебиз деп үмүттөнүп турабыз.

Мындан тышкары, 57 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлүп, ишке киргизилген. Жалпысынан 10 ФАП, 9 мектеп, 19 бала бакча, 12 спорт залы пайдаланууга берилди.

- Өкмөт жергиликтүү бийликке ЕАЭБдин талаптарына жооп берген фитосанитардык лабораторияларды жөнгө салууну да табыштап келет. Дубанда талаптарга ылайык кайсыл лабораториялар жакшырды?

- Бул жаатта акырындык менен жумуш жүрүп жатат. Бизде ЕАЭБдин талаптарына жооп берген 3 лаборатория бүткөрүлгөн. Атап айтканда, республикалык бюджеттен Ала-Бука районунда 5,2 миллион сомго, Ноокенде 11 миллион сомго, Токтогулда 6,76 миллион сомго ветеринардык, фитосанитардык лабораториялардын имараттарын капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле, талаптагыдай жабдуулар менен камсыздоо иштери планда турат.

Ошол эле учурда Сузак районунда бөлүнгөн 0,25 га жерге фитосанитардык лабораториянын имаратын куруу маселеси чечилбей жатат. Бул маселе боюнча өкмөткө тийиштүү сунуштар жана кайрылуулар берилди.

- Быйыл өлкө башчынын буйругу менен аймактардын дараметин арттыруу үчүн Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Биздин кайсыл аймактар өнүктүрүүгө муктаж? Өнүктүрүү долбоорунун алкагында пилоттук шаарлар тандалып алынды. Ага бизден кайсыл шаарлар кирди?

- Аймактарды өнүктүрүүдө өкмөттүн «2018-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» 2017-жылдын 31-мартындагы №194 токтомун ишке ашырууда белгиленген 20 пилоттук шаардын катарына Жалал-Абад облусундагы 5 шаар киргени облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Аталган шаарлар Жалал-Абад, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата жана Кербен шаарлары. Алардын географиялык, инфраструктуралык жайгашуусу облустун баардык аймактарынын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө Экономика министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларын 2018-2022-жылдарга туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программалары иштелип чыгып, бекитилген. Ал эми калган 3 шаардын программаларын иштеп чыгуу иштери аяктоодо.

Регионду өнүктүрүү саясатынын концепциясына кирген шаарлардын программалары облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн приоритеттүү 4 багытын камтыйт. Алар өнөр жай, айыл чарба, инфраструктура жана туризмди өнүктүрүү багыттары болуп саналат.

Алсак:

- Кербен шаарынын өнүгүү программасында кара өрүктү жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана экспортко чыгаруу, туризмди өнүктүрүү каралган. Шаардагы кайра иштетүү тармагында Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Чаткал районунун Сумсар, Терек-Сай айыл аймактарында өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, экспортко чыгаруу жана Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы туристтик объектилерди өнүктүрүү каралып, аталган программанын алкагында райондордун айыл аймактарынын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт;

- Таш-Көмүр шаарынын өнүгүү программасында тоо-кен тармагын өнүктүрүү, ири өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү, шаардын инфраструктурасын реабилитациялоо каралган. Бул программанын алкагында көмүр кендери жайгашкан Аксы районунун Ак-Жол, Ноокен районунун Достук айыл аймактарын өнүктүрүүгө шарт түзүлсө, ири өнөр жай ишканалардын ишке кирүүсү шаарга чектеш жайгашкан Аксы районунун Ак-Суу, Үч-Коргон жана Ак-Жол айыл аймактарынын, Ноокен районунун Достук айыл аймагынын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт (жумушчу орундар, сырьелук, инфраструктуралык байланыштар ж.б.у.с.);

- Жалал-Абад шаарынын программасында Сузак, Базар-Коргон райондорундагы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кластер түзүү, экспортко чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү жана Сузак, Базар-Коргон райондору менен биргеликте туристтик инфраструктураны өнүктүрүү каралган;

- Кочкор-Ата шаарынын программасында нефть жана жаратылыш газын өндүрүүнү көбөйтүүгө, кайра иштетүүгө басым жасалып, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү каралган. Нефть, газ өндүрүү Ноокен районунун Ноокен, Момбеков, Бүргөндү айыл аймактарынын жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында ишке ашырылып, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүлөт. Жергиликтүү жаратылыш газы менен «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсы толук кандуу камсыздалат;

- Кара-Көл шаарынын программасында гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү каралган. Бул программага ылайык шаар менен бирге Токтогул районунун өнүгүүсүнө шарт түзүлөт (Камбар-Ата ГЭС-2 Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында жайгашкан, Токтогул райондук өнүктүрүү фонду Токтогул ГЭСтер Каскадынын каражатынын эсебинен түзүлөт);

- Тогуз-Торо районунун өнүгүүсү алыскы, тоолуу аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында жана «Макмал алтын» комбинатынын өндүрүшүн турукташтыруу, БалыкчыЖалал-Абад альтернативдик автожолунун курулушуна тийиштүү инфраструктураларды куруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана туризм тармагын өнүктүрүү аркылуу камсыздалып, келечекте Жалал-Абад шаары менен бир аймактык кластерге кирүүсү каралган.

- 2017-2026-жылдар аралыгында ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Анда Кара-Үңкүр, Көк-Арт дарыяларында суу сактагычтарды куруу планга киргени сүйүндүрөт. Бул багытта кандай иш аракеттер көрүлүп жатат?

- Бул тармакты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер жаман эмес. Жыл сайын республикалык бюджеттен мүмкүн болушунча каражат бөлүнүп, жергиликтүү бийлик да колдон келген аракетин жасап жатат. Былтыркы жылы республикалык бюджеттин эсебинен Майлуу-Суу тосмосуна 11,2 млн сом, Көк-Арт суу тосмосуна 5,2 млн сом, Кара-Үңкүр суу тосмосуна 25 млн сом бөлүнүп, тийиштүү жумуштар колго алынган. Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагындагы Келечек каналында жалпы суммасы 47,7 млн сомдук реабилитациялоо иштери аткарылып, натыйжада 1379 гектар аянт суу менен камсыздалды. Ошондой эле, 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлдү.

Өкмөт 2017-2026-жылдары ирригация тармагын өнүктүрүү боюнча кабыл алган мамлекеттик программага кирген Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулушу жандандырылды. Тактап айтканда, аталган каналга 120 млн сом каржылоо жүргүзүлүп, тийиштүү жумуштар жасалды. Өкмөттүн 2017-жылдагы токтому менен Көк-Арт дарыясына 80 млн куб метр суу топтоочу суу кампасын куруу камтылган. Аянты 6200 гектарды түзөт. Ошондой эле, Кара-Үңкүр дарыясына көлөмү 100 млн куб метр болгон суу топтоочу суу кампасын, Ала-Бука районунда көлөмү 6 млн куб метрди түзгөн Сумсар-Сай суу кампасын, жалпы көлөмү 9 млн куб метр болгон суу топтоочу Чанач-Сай кампасынын 2-этабын куруу кадамдары да максатталган. Мындан сырткары, Ала-Бука районунда Касан-Сай дарыясынан Орток-Бел массивине суу чыгаруу үчүн узундугу 38 км, сыйымдуулугу 5 куб метр болгон Орток-Бел каналын куруу (4000 га), Аксы районунда узундугу 7,4 чакырым, сыйымдуулугу 8 куб метр болгон Актерек каналын (3900 га), Ноокен районунда Ничке-Сай каналын куруу (1025га) көздөлүүдө. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор ишке ашырылса, анда 20 миң 125 га жаңы жер өздөштүрүлөт. Бул кадам калк үчүн зор мүмкүнчүлүктөргө эшик ачып берет деген ойдомун. Жакшы тилектер менен үмүт артып, алга карай умтула берсек коюлган жакшы пландар да жүзөгө ашаарына ишенем.

- Мындан сырткары 2023-жылга чейин ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу багыты да каралган. Быйыл бизде канча айыл таза суу менен камсыз болот?

- 2017-жылы калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында бир топ иштер аткарылды. Алсак, Жалал-Абад шаарында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) каржылоосундагы шаардын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо долбоорунун 75 пайызы ишке ашырылган. Республикалык бюджеттин каржылоосунда 3 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу иштери жүрүп, анын ичинен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Согот жана Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагындагы Дөдөмөл айылдарында курулуш иштери бүткөрүлдү. Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында (400 кожолук, 2702 адам) калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жалпы суммасы 4 млн 254 миң сомдук реабилитациялоо иштери бүткөрүлгөн. Бул иштерге ХЕЛВЕТАС тарабынан 3 млн 800 миң сом берилген. Ушул эле долбоордун алкагында Сузак районундагы Багыш айыл аймагында 3 млн 340 миң сомдук жана Курманбек айыл аймагындагы Жоон-Күңгөй айылында 4 млн 240 миң сомдук ичүүчү суу системаларын куруу долбоорлору ишке ашырылган. Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 4 млн 340 миң сомдук, Бешик-Жон айыл аймагында 3 млн 940 миң сомдук ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо долбоорлору ишке ашырылууда.

2018-жылы Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосунда 24 айылдын ичүүчү суу системаларын куруу, реабилитациялоо долбоорун АРИС аркылуу (жалпы суммасы 1 млрд 173 млн 938 миң сом же 17 млн 13,6 миң доллар) ишке ашыруу күтүлүүдө. Мындан сырткары Европа реконструкциялоо банкынын каржылоосунда Майлуу-Суу шаарынын ичүүчү суу системасын реабилитациялоо боюнча сметасы 7,12 млн еврого жеткен долбоор каралган. Бул долбоорду турмушка ашырууда Токтогул районунун Токтогул шаарынын ичүүчү суу системасын реабилитатциялоо боюнча 5,2 млн евролук долбоор каралган. Бул долбоорду турмушка ашыруу боюнча өкмөт 2017-жылдын 10-майында буйрук чыгарган. Учурда иштин башталышы күтүлүүдө.

Дүйнөлүк банктын каржылоосунда Аксы районунун Кербен шаарынын ичүүчү суу системасын реабилитациялоо боюнча 4 млн доллар каралган. Азыркы учурда техникалык-экономикалык шарттар түзүлүп, ратификацияланып, иш башталды. Ошондой эле, Европа реконструкциялоо банкынын каржылоосунда Кербен шаарынын ичүүчү суу системасын реабилитациялоо боюнча 6,2 млн евролук долбоорду турмушка ашырууга тендер жарыяланды.

Бул банктын каржылоосунда Кара-Көл шаарынын ичүүчү суу системасын реабилитациялоо боюнча 5,02 млн евролук, Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында 5,02 млн евролук долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Калкты таза суу менен камсыздоо системаларын 2018-2023-жылдарга өнүктүрүү боюнча «Ала-Тоо булагы» долбоорунун алкагында облустагы 101 айылдын жана 5 шаардын эли ичүүчү таза суу системаларын реабилитациялоо, куруу каралган.

- Айыл чарба тармагын талкуулаган жыйында Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор, жүндү, терини кайра иштетүүчү завод куруу пландалып жатканын айттыңыз эле. Бул ишке аша турган маселеби?

- Барпы айыл аймагынын Үлгү участкасындагы №85-92 контурларындагы кайра бөлүштүрүү фондунун түшүмдүүлүгү төмөн, саздак, камыш баскан 44 га сугат айдоо жердин 20 га аянтына логистикалык борбор куруу үчүн аталган жер участкасын «Айыл чарбасы багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына (трансформациялоо) которуу керектигин айтуудабыз. Логистикалык борбор курулса эл үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк болот.

Ошону менен бирге Таш-Көмүр шаарындагы «Аргымак» ачык акционердик коомунун базасында логистикалык борбор куруу долбоору каралууда. Бул долбоор 2018-жылдын 27-февралында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директору Эркин Асрандиев менен болгон жолугушууда сунушталды жана фонд тарабынан кылдат карап чыгуу жообу берилди. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт шаарчасында ЕАЭБдин талабына жооп берген мал союучу жайдын курулушу аяктоодо. Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Ала-Бука айылында жеке ишкер Э.Кубайбердиев тарабынан ЕАЭБдин талабына жооп берген мал союучу жайды куруу иштери жүрүп жатат.

- Жергиликтүү маанидеги жолдор канчалык денгээлде оңдолуп жатат?

- Балыкчы Жалал-Абад альтернативдик унаа жолдун облустун аймагы аркылуу өткөн 74 чакырымына асфальт төшөлүп, туннелдин 1200 метр аралыгын куруу иштери бүткөрүлдү.

Облустун аймагындагы автожолдордун, көчөлөрдүн 51,7 чакырымын асфальттоо иштери аткарылган. Анын ичинен райондордун борборлорун, шаарлардын көчөлөрүн жакшыртууга колдоо көрсөтүү программасынын алкагында жалпысынан 24,3 км жолго, мамлекеттик маанидеги 27,4 км жолго асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, Майлуу-СууСары-Бээ жолуна жер көчкү түшүп, кыйын абалга кептелдик. Бирок өлкө башчыбыз Сооронбай Шариповичтин колдоосу менен Майлуу-Суу дарыясынын оң жээги аркылуу 813 метр жаңы жолдун курулушу бүткөрүлүп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарт жаралды.

- МаданиятБарпы жолу жыл сайын оңдолот деп айтылып, бирок жүзөгө ашпай жатат...

- Туура, ОшБишкек жолунун МаданиятБарпы бөлүгүн кайрадан калыбына келтирүү жумушу былтыр башталаары күтүлүп жаткан болчу. Бирок аталган жолдун Кочкор-Ата шаарынан өткөн бөлүгүнүн 300 метрдей аралыгында гана асфальттоо иштери жүрдү. Биз да жөн отурган жокпуз, ушул жолду бүткөрүү үчүн министрликке, өкмөткө кайрылып жатабыз. Мен да ушул жолду бүткөрүп алсак деп жатам. Калк да ушул маселени коюуда.

- Саламаттыкты сактоо тармагында да бир катар өзгөрүүлөр болду, заманбап жабдуулар менен жаңыланды...

- Облуста саламаттыкты сактоо тармагында да 2017-жылы бир катар өзгөрүүлөр болуп, ооруканалар заманбап жабдуулар менен жаңыланды.

2017-жылы 10 ФАПтын, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушу бүткөрүлсө, облустук клиникалык оорукананын төрөт бөлүмүнүн 2-3-кабаттарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

«Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» программасынын өнүктүрүү долбоорунун негизинде Япония элчилиги тарабынан облустук репродукция борборуна 84 миң 925 доллар акча каражатына медициналык акыркы үлгүдөгү жабдуулар берилди. Ноокен, Ала-Бука аймактык ооруканаларына да жаңы медициналык жабдуулар келди. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен Россия Федерациясынын өкмөтү облустук клиникалык ооруканага 12 млн 500 миң рубль каражатка мобилдик дарылоо диагностикалык клиникасын тапшырды.

Түштүк аймактык кардиохирургия илимий борбордун имаратынын ангиография бөлүмүн оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн марафон өткөрүлүп, өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын колдоосу менен 3 миллион 500 миң сомдук каражат чогулду.

Учурда Германиянын өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен облустук клиникалык ооруканага 60 орундуу ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн 2 кабаттуу имараты курулууда. Мындан тышкары 6 ФАПтын имараттарын куруу иштери жүрүп жатат. Облустук клиникалык оорукананын жугуштуу ооруларды көзөмөлгө алуу жана окутуу борбору капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Быйыл облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу тез жардам бөлүмү, күйүктөн жабыркагандарды дарылоочу борбор, шаардагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын оңдоо, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун кир жуучу жайынын жаңы имаратын куруу иштери жүрүп жатат.

- Өкмөт ар бир аймактын өзүнүн брендин иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Биздин облус эмнелерди бренд кылып алып чыга алат?

- Жалал-Абад облусунда 34 миң гектардан ашуун жаңгак токойлору бар. Мындай жаңгак токойлор жер шаарында жок. Ошондуктан биздин брендибиз жаңгак болуп саналат. Биздин облусубуздан жылдан-жылга салыштырмалуу жаңгакты экспорттоо өсүүдө. 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жаңгак жана жаңгак маңызы Иран, Ирак, Нидерланд, Өзбекстан жана Түркияга 1601,8 тоннага же 3814 миң долларга көп экспорттолгон. Ошондой эле, Аксы, Ала-Бука райондорунда өндүрүлгөн 35 миң тоннадан ашуун кара кайналыны кайра иштетүү аркылуу аймактык брендге жетишүү пландаштырылууда.

- Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги аркага этношаарча куруу демилгеси боюнча айтсаңыз.

- Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу Жалал-АбадСузак автожолундагы «Курманбек баатыр» комплексин реабилитациялоо жана жаштар аллеясын, кыргыздын улуттук орнаменттери түшүрүлгөн этношаарча курууну көздөп жатабыз. Бул объект үчүн долбоордун сметалык баасы 24 млн сомду түзөт. Долбоорду каржылоону облусту өнүктүрүү фондунан карап жатам. Бизге келген коноктор аркага маани беришет, тойдо сейилдеп чыккан жаштардын да токтоочу жайына айланган. Андыктан бул объектини жакшыртууну максаттап жатам. Этношаарча куруу, Жалал-АбадСузак жолунун 3 чакырым аралыгын реабилитациялоо зарылдыгы боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылып жатабыз.

Этношаарчанын долбоору

Дагы кошумчалай кетейин, облусту өнүктүрүү фондунан Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы, Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы борбордук стадиондорго да каражат бөлүнөт. Жергиликтүү бийликтин да салымы болот. Ал эми Базар-Коргондогу борбордук стадиондо реабилитациялоо жумушу жүрүүдө. Ал стадионду жакшыртуу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, облустук капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашууда.

Жергиликтүү бийлик облустун өнүгүүсү, өсүүсү үчүн колдон келген аракетибизди жумшап жатабыз жана жумшай беребиз. Жалал-Абад жергеси потенциалы кенен аймак, андыктан өлкө башчынын жарлыгы жалпы элди кубантып турган кези. Демек, быйыл дагы бизде көп жумуштар аткарылат деген ишенич бар.

- Маегиңизге ыракмат, ийгиликтер жарала берсин.

2017-жылдын жыйынтыгы:

- 2017-жылы айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясы 39 млрд 753 млн сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 102,2%га аткарылган.

- Талаачылыкта 21 млрд 686,8 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылга салыштырмалуу 101,7%га өсүү болду;

- Токой чарбасында 115 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылдын деңгээлинде сакталган;

- Пайдаланылбай калган айдоо жерлеринин аянты 11 миң 961 га түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 1641 гектарга кыскарган.

Айыл чарба тармагын колдоо багытын көздөгөн «Айыл чарбасын каржылоо-5» долбоорунун алкагында 2 миң 675 субъектиге жалпы суммасы 1 млрд 15 млн 279 миң сомдук жеңилдетилген насыя берилген. Анын ичинен 2 миң 566 субъектиге 10 пайыздык үстөк менен талаачылык жана мал чарбасы үчүн жалпы суммасы 837 млн 939 миң сомдук, 6 пайыздык үстөк менен 91 субъектиге 177 млн 339 миң сомдук насыя берилди.

Лизинг аркылуу облуска «Беларусь» үлгүсүндөгү жер айдоочу 30 даана трактор, 8 даана чиркегич алынган. Облуста жалпы узундугу 51,7 чакырым жолдо асфальттоо жумуштары жүрдү.

Санариптик телеберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштер аткарылып, облус боюнча жалпы 237 миң 296 кожолуктун ичинен 225 миң 432 кожолук санариптик телеберүүгө кошулган же кожолуктун 98 пайызын түздү.

Облустук капиталдык курулуш башкармалыгына 2017-жылы республикалык бюджеттен жалпы суммасы 623 млн сомдук каржылоо болуп, анын натыйжасында 65 объектиде курулуш, капиталдык оңдоо иштери жүрдү. Натыйжада 9 мектеп, 2 бала бакча, 3 объекти пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×