Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Талас

Таластагы ишкерлер заводдорду куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя сурашты

Turmush -  Бүгүн, 2-мартта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү Талас облусундагы жеке ишкерлерге семинар өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, семинарга 120дан ашык жеке ишкер катышты. Алар фонддун өкүлдөрүнө өздөрүнүн суроолорун берип, жоопторду алышты. Алгач Ак-Дөбө айылындагы кант заводунун иши боюнча суроо берилди. Кант заводу курулса жылына 60 миң тонна кант өндүрүүгө болорун айткан ишкерлер заводдун ишине насыя берүүнү суранышты.

Талас облосунун жетекчиси Марат Мураталиев ири өндүрүштөрдү курууга насыя берүү канчалык мүмкүндүгүн сурады.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиевдин айтымында, үстөк пайыз үчүн өкмөт кепил болушу мүмкүн эмес. Үстөктүү насыя алуу үчүн долбоордун жетекчиси берилген каражатка жараша кепил болуусу шарт.

Чакан мектептердин долбоору 150 окуучудан кем эмес орунга ылайыкташтырылган болушу керектиги айтылды. Былтыркы жылы фондго Талас облусунан 21 долбоор өткөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1930
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×