Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусу, Баткен 19.02.2018 14:00

Баткендеги өрүк кактын баасы тажикстандыктардан көз каранды болууда

Turmush -  Баткендеги өрүк кактардын баасы туруксуз болууда. Бул тууралуу ишкерлер билдиришти.
Маалыматка караганда, өрүк кактарды негизинен тажикстандыктар алгандыктан, баа алардан көз каранды. Эгер Тажикстанда өрүктүн баасы жогоруласа, анда Баткенде да кымбаттайт.

Өткөн жумада 500 сомго чейин бааланып жаткан өрүктөр бул жумада 300 сомдон сатылып калды. Кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан базардагы өрүктүн бирдиктүү баасы жок. Дыйкандар туруксуз баада сатууга аргасыз болушат.

«Базарлардагы баа негизинен Тажикстандан келген соодагерлердин акчасына жараша болот. Алар кымбат сатып алса кымбаттайт. Алар өзүнчө сүйлөшүп, бир бааны коюшса аны эч ким көтөрө албайт», - деди жеке ишкер Болот Абдылдаев.

Баткенде өрүктү органикалык жол менен кургатуучу атайын ишкана жок. Дыйкандардын негизги көйгөйү да ушул. Мындан улам фермер Турсунали Төлөмүшев чет элдик компаниялардын жардамы менен мындай ишкананы жаңыдан кура баштады. Келечекте бул жерде мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана, муздаткыч кампасы менен болот. Эгер ишкана пайдаланууга берилсе өрүк Кыргызстандын атынан, туруктуу баада экспортко чыга баштайт.

Мөмө-жемиштерди химиялык каражаттарсыз өндүрүү жана аны жайылтуу дүйнөдө күч алган онкология, семирип кетүү, кан басымдын жогорулашы, кант диабети сыяктуу ооруларды алдын алат.

«Канча тонна өрүгүңөр, складыңар бар?» деп орустар келе башташты. Бирок биз даяр эмес экенбиз. Себеби бизде бириккен складыбыз жок. Ар бир фермер өз үйүндө сактайт. Эми биз бул жерде баарын бирдей кургатып, даяр кылсак гана биздин жолубуз ачылат. Бир жерден сатканга мүмкүнчүлүк болот. Фермерлер өзүбүздүн бааны кое алабыз. Бүгүнкү күндө базардагы дарыланган өрүктөр 100-200 сомдон сатылууда. Биз органикалык кургатылган өрүктү Россияга 400 сомдон сатабыз. Айырмасы асман менен жердей», - деди Төлөмүшев.

Баткен өрүгүн сыртка экспорттоо үчүн жеке ишкерлер аракет кылып келишет. Бирок жыйынтык көңүл жылытаарлык эмес. Ал үчүн багбандарга тиешелүү шарттар түзүлүшү керек. Бирок жергиликтүү бийлик жеңилдетилген насыядан башка жардам бере албай келет.

Баткен облусунун аймагында 10 миң гектардай өрүк багы бар. Андан жылына орточо эсеп менен 6 млрд сом киреше түшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×