Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Талас облусу, Талас 14.02.2018 14:44

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Д.Молдобекова гиря көтөрүү боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Диана Молдобекова гиря көтөрүү, кол күрөш боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы спортчу кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас мамлекеттик университетинде укук таануу адистигинде 3-курста окуйт.

«Сабактан тышкары университеттин КВН командасын жетектейм. Актердук чеберчилик ийримине катышам. Эң биринчи жолу 2014-жылы гиря көтөрүп баштадым. Ошол кезде кол күрөш боюнча мелдешке капысынан катышып, 1-орунду жеңип алгам. Көп өтпөй гиря көтөрүү боюнча Бишкек шаарында өткөн өлкө чемпионатына катышып, 2-орунду алдым. 12 кг салмактагы гиряны 205 жолу көтөрдүм. Талас шаарындагы мелдеште 8 кг гиряны 267 жолу көтөрүп, 1-орунду ээледим. 2017-жылы кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатында 50 кг салмактагылар арасында 2-орунду ээлеп, Кыргызстандын курама командасына кошулгам. Өткөн жылдын сентябрь айында 10 өлкөнүн спортчулары катышкан эл аралык спартакиадада 60 кг салмакта 2-орунду алдым», - деди ал.

Балбан кыз буга катар эле актерлук чеберчилик боюнча ийгилик жаратканын кошумчалады.

«1-курсумда өлкө боюнча студенттер арасында өткөн «Ата-энем ыйык мурасым» сынагында сахналаштырылган драма көрсөтүп, 7 дубандын ичинен 1-орунду ээлегенбиз. Драманын сценарийин да өзүбүз жазганбыз. Сахнага чыкканда башкы ролдо ойногом. Калыстар тобунан сүрдөнүп, сөздөрүмдү унутуп коюптурмун. Ошол жерден өзүмдүн сөзүм менен айтып баштагам. Командабыз эми кандай болот деп абдан коркушкан экен. Бирок акырында эң мыкты аткарылган драма деп табылып, биринчиликти алганбыз», - деди ал.

Балбан кыз үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×