Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 14.02.2018 13:08

Сүйүү күнүндө нике күбөлүк алуучулардын саны былтыркыдан 3 эсе көп, - Ош ЖААК

Turmush -  Ош шаарында 2017-жылдын 14-февралында 6 түгөй расмий түрдө каттоодон өтсө, бул жылы Сүйүү күнү катары белгиленип келген 14-февралда 17 түгөй никесин каттатууга арыз беришкен. Бул тууралуу Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Светлана Жороева билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы шаарда 1879 түгөй никеге турса, 447 түгөй ажырашкан. Ал эми 2018-жылдын башынан бери 200 түгөй никесин каттатса, 62 түгөй ажырашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×